• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Базар-Коргондо адам өлтүрүүгө шектелген жаран кармалды

21 Баш оона 202314:40 Бишкек Govori.TV

Жалал-Абаддын Базар-Коргон райондук милициясы изи сууй электе адам өлтүрүү фактысынын бетин ачты. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 20-август күнү болжол менен саат 08:25те райондук милицияга 21 жаштагы тургун кайрылып, үйүнүн алдындагы тапчанда 34 жаштагы тууганынын сөөгү жаткандыгын билдирген.

Окуя жерине ыкчам-тергөө тобу барып, маркумдун сөөгү материалга оролгон абалда жаткандыгы аныкталган.

Аталган фактыга байланыштуу Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренеси (Адам өлтүрүү) боюнча кылмыш иши козголгон.

Ыкчам-иликтөө иштеринин жүрүшүндө шектүү катары Базар-Коргон шаарынын 49 жаштагы А.Г. аттуу тургуну кармалып, убактылуу кармоочу жайга камакка алынган.

Алгачкы териштирүү иштеринин жүрүшүндө адам өлтүрүү фактысы спирт ичимдигин ичип жатканда болгондугу аныкталган.

Количество просмотров: 129