• Шейшемби 28 Аяк оона 2021

Базар-Коргондо айылдык кеңештин мурдагы депутаты 5 жылга кесилди

2 августа 2021 в 14:54 Бишкек Govori.TV

Базар-Коргон районунун айылдык кеңешинин мурдагы депутатына баш коргоо чарасы каралды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, 2020-жылдын 30-октябрь күнү Жалал-Абад шаарында уруксатсыз митингдин уюштуруучуларынын бири болуп, эл алдында Орто Азия өлкөлөрүнүн аймагында «Ислам Халифатын» орнотуу тууралуу Кыргыз Республикасынын Конституциясына каршы келген ойлорун айткан, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 310-беренесинин 1-бөлүгү жана 313-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык кылмыш жасаган деген айып менен 2020-жылдын ноябрь айында «М.А.Т.» аттуу жаранды кармаган.

Белгилүү болгондой, «М.А.Т.» кармалганга чейин Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунун айылдык кеңешинин биринин депутаты, «Солдат» каймана аты бар «Хизбут-Тахрир» диний-экстремисттик уюмунун активдүү мүчөсү болгон.

2021-жылдын 16-июлунда Жалал-Абад шаардык сотунун чечими боюнча 5 жылга эркинен ажыратылды.

Количество просмотров: 96