• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Ит уурдап, өлтүргөн адам үч жылга эркинен ажыратылды

6 Жетинин айы 2018 14:33 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 06.11.2018.Govori.TV

Бишкекте Спайсик аттуу итти уурдап кетип, өлтүрүп салган адам 3 жылга шарттуу түрдө эркинен ажыратылды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Спайсиктин ээси Гуля Алмамбетова кабарлаган.
«Свердлов райондук соту Спайсикти уурдап кетип, өлтүрүп салган адамды «уурулук» беренеси боюнча күнөөлүү деп таап, 3 жылга шарттуу түрдө эркинен ажыратты. Бул жеңишибизди мен милиция бөлүмүндө бычакталып каза болгон Бурулай Турдали кызынын жаркын элесине арнайт элем. Бурулай тууралуу кабарды да мен аябай оор кабыл алгам, азыркыга чейин ичим ачышат. Ал окуя да «мен баарынан кутулуп кетем, баары менен жең ичинен сүйлөшүп алса болот» деген текеберчиликтен улам болгон. Элде милицияга болгон ишеним, айбыгуу болгондо Бурулай өлбөйт болчу», — деди Гуля Алмамбетова.
Белгилей кетсек, Бишкек шаарынын тургуну Гуля Алмамбетова буга чейин Спайсик аттуу итин уурдап кетип, өлтүрүп салган адамдын иши сотко өткөнүн билдирип маалымат тараткан.. Иттин өлүмүн 9 жаштагы уулу оор кабыл алып, психологдордун жардамына муктаж болгонун жана бул иштин аягына чыгуу үчүн бардык күчүн жумшай тургандыгын кошумчалаган.
Количество просмотров: 32