Маалыматка ылайык, окуя 30-ноябрда саат 14:30 чамасында болгон. Алдын ала маалыматтар боюнча, 1995-жылы туулган жергиликтүү тургун М.Р. менен Э. аттуу жигит сөз талашып, ошол жерден биринчи жигит токмоктолгон. Ал оор жаракат алып, аймактык оорукананын жандандыруу бөлүмүнө жаткырылды.
Ден соолукка залал келтирүү фактысы боюнча Тогуз-Торо РИИБ кылмыш ишин козгоп, ыкчам тергөө иштери жүргүзүлдү. Анын жыйынтыгында шектүү – Тогуз-Тородогу айылдык кеңештин 2 жолку депутаты, 2013-жылдан бери ИИМде уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары каттоодо турган Т.Э. (1986-жылы туулган) экени аныкталган.
Учурда шектүү убактылуу камакка алынып, тергөө иштери жүрүп жатат.