Мамлекеттик салык кызматынын Базар-Коргон району боюнча башкармалыгынын башчысы жеке ишкерлерден системалуу түрдө акча талап кылгандыгы үчүн кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.
КР УКМК тарабынан КР Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренесинин 2-бөлүгүндө (Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу) каралган кылмыштын негизинде козголгон кылмыш ишинин алкагында, Базар-Коргон районунун базарларындагы жеке ишкерлерден салык инспекторлору тарабынан системалуу түрдө акча чогултуу боюнча коррупциялык схемага бөгөт коюлду.
«2024-жылдын 11-январында соттун санкциясы менен жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын натыйжасында Мамлекеттик салык кызматынын Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон району боюнча башкармалыгынын башчысы Д.К.Т. кармалып, тергөө абагына киргизилди»,-деп жазылат маалыматта.
Ошондой эле, Мамлекеттик салык кызматы башкармалыгынын башчысы карамагындагы кызматкерлер ишкердиктин субъектилеринин арасында аныкталган мыйзам бузууларды жашырганы үчүн алардан туруктуу негизде акча алып жүргөндүгү аныкталды.