• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Базар-Коргондо сууга чөгүп кеткен эркек кишинин сөөгү табылды

28 Бугу 202115:23 Бишкек Govori.TV

Базар-Коргондо сууга чөгүп кеткен эркек кишинин сөөгү табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, кечээ, 27-май күнү саат 17:30 чамасында Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районундагы Кызыл-Октябрь айылынын тургуну 1963-жылы туулган И.А. аттуу эркек киши үйүнөн чыгып кеткен бойдон дайынсыз жоголгон.

Бүгүн жерине издөө иш-чараларын жүргүзүү үчүн ӨКМден 10 куткаруучу, ИИМден 9 кызматкер, жергиликтүү тургундардан 42 адам тартылып, саат 12:10до туугандары тарабынан анын сөөгү Могол-Коргон каналынан табылган.

Количество просмотров: 144