Нурдөөлөт Базарбаев эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин биринчи орун басары болуп дайындалды. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматынан кабарлашты.
«“Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 18-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык Базарбаев Нурдөөлөт Сатыбекович мурда ээлеген кызматынан бошотулуп, эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин биринчи орун басары болуп дайындалды», — деп айтылат маалыматта.
Тиешелүү буйрукка министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койду.