• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Базарбай Мамбетов Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы келишимдерди сынга алды

12 Бештин айы 2017 17:02 Бишкек Govori.TV

Кыргызстандын мурдагы вице-премьер-министри Базарбай Мамбетов Кыргызстандын Орто-Токой (Касансай) суу сактагычын пайдалануу боюнча Өзбекстан менен түзгөн келишимин кескин сындап фэйсбукка билдирүү жазды.

«Ушундай кылганыңар жетип турган акмакчылык. 1992-жылкы КМШ мамлекеттеринин келишими боюнча Орто-Токойду биз өзүбүздүн балансыбызга толугу менен өткөрүп алышыбыз керек болчу. Суу сактагычтан Өзбекстанга суу кое беришибиз атайын түзүлгөн келишим менен болушу керек. Тилекке каршы быйыл 6-октябрда, Атамбаев аны билбей, аларга ушул суу сактагычты берип салды. Эми Киров суу сактагычын казактарга, Токтогулду- өзбектерге, Сох дарыясынын жээгин өзбектерге бергиле. Биздин балансыбызда дагы 8 суу сактагыч бар, аларды да өткөрүп бергиле. Алардын эң чоңу- Үч-Коргон ГЭСинин суу сактагычынан чыга турган Чоң Наманган каналы, андан ылдый жакта Шамалды-Сайга жакын жерде Сол жээктеги Нарын каналы. Алардын барын өзбектерге дароо өткөрүп бергиле. Үңкүр-Тоону өзбектерге жакында эле өткөрүп бердик»,-деген Кыргызстандын мурдагы вице-премьер-министри Базарбай Мамбетов.

Эске салсак, бүгүн Жогорку Кеңештин эларалык иштер, коргонуу жана коопсуздук комитети Орто-Токой (Казансай) суу сактагычын пайдалануу боюнча Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы макулдашуу ратификациясын колдоду.

 

Количество просмотров: 19