Жогорку Кеңештин комитет жыйынында министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов менен депутат Аида Исатбек кызы айтыша кетти.
Депутат жыйын учурунда Байсаловго суроо узатып, Каракол шаарындагы облустук оорукананын дарыгерлери айлык акы боюнча кайрылуу жолдогонун айтып, ординатордун маянасынын көлөмүн сурады. Ага Эдил Байсалов жооп берип, жыйынтыгында пикир келишпестик орун алды.