Базардан куулган аксакалдын сабыры түгөндү. Бул тууралуу видео социалдык тармактарга тарап, талкууга алынды.
Видеодо күрүнүп турганда жемиш саткан аксакал милиция кызматкерлери жана бир нече адамдардын курчоосунда кыйкырып жатканын көрүүгө болот. Ал «бир, эки саат бергиле нан алып кетейин деп жайылып жатам дегениме карабайсыңарбы, керекпи ал!», — деп жатканын корүүгө болот.
Эске салсак, өлкөнүн айрым аймактарында карантин киргизилип, кээ бир ишкердиктин түрлөрүнө уруксат берилген. Ал эми базарларда азык-түлук саткан жайлар жана тамак аш продуктуларын саткан дүкөндөр буга чейин да санитардык нормаларды сактоо менен ишин жүргузуп жаткан.