• Шейшемби 30 Кулжа 2026
  • Вторник 30 Июнь 2026

Базарларда ижара ээлери ижара акыларын иштебеген күндөр үчүн талап кыла алышабы?

18 Бугу 202013:47 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 18-майда өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Акылбек Осмоналиев брифинг берип, абал тууралуу маалымат берди.

Ага «Базарларда ижара ээлери иштебеген күндөрүбүзгө ижара акыларын сурап жатышат, бул маселе кандай чечилет?» деген суроо узатылды.

«Бүгүнкү күнгө чейин азык-түлүк базарларына эч кандай тыюу салынган эмес. Алардын ижара акыларын жеринде түз чечип алуулары шарт. Ал эми иштөөгө тыюу салынып, иштебей турган базарларда ижара акылары төлөнбөйт. Бул маселелер жергиликтүү бийлик жана мэрия тарабынан көзөмөлгө алынат», — деп жооп берди Акылбек Осмоналиев.

Количество просмотров: 21