• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Бажы кызматы менен коммерциялык банктын мыйзам бузуусу ишкерди зыянга учуратты

10 Бугу 2021 12:33 Бишкек Govori.TV

Бажы жана коммерциялык банк кызматкерлеринин кылмышуу аракеттеринен улам ишкер 40 миллион сомдук зыян тарткан. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын расмий сайтында кабарланат.

Маалыматка ылайык, «М» жоопкерчилиги чектелген коомунун директорунун кайрылуусу боюнча Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы тарабынан текшерүү жүргүзүлүп, анын жыйынтыгы менен Мамлекеттик бажы кызматынын жана коммерциялык банктардын биринин кызматкерлери тарабынан жасалган мыйзамсыз аракеттер аныкталды.

«2018-жылы “М” ЖЧКсы, банк аркылуу 40 000 000 (кырк миллион) сомду “Ташылуучу бажы төлөмдөрү” катары Финансы министрлигинин Борбордук казыналыгынын эсебине которгон.

Бирок, коммерциялык банктын кызматкерлери белгисиз себептерден улам көрсөтүлгөн сумманы башка эсепке «Ташылуучу товарларга кошумча нарк салыгы» катары которуп жиберип, “М” ЖЧКсына жасалма төлөм тапшырмасын беришкен.

Андан кийин, 2018-жылы аталган ЖЧК тарабынан товарлар бажы аркылуу жасалма төлөм тапшырмасы менен ташылып, документтерди көзөмөлдөөгө жооптуу бажы кызматкерлери тиешелүү ченемдик-укуктук актылардын талаптарын одоно бузушуп, аларды каттоодо товарлар боюнча декларацияларды текшеришкен эмес», — деп жазылат билдирүүдө.

Мындан тышкары, бажы кызматкерлери мыйзам талаптарын бузушуп, 3 жыл бою бажы төлөмдөрүн чегерүү, которуу жана кайтаруу боюнча милдеттерин аткарбай, “М” ЖЧКсы менен бажы органынын ортосунда ай сайын текшерүүнү жүргүзбөй келишкени кошумчаланат.

«Ошол эле учурда, бажы органы 2021-жылдын март айында, «М» ЖЧКсына карата негизсиз туум чегерип, натыйжада ишкердик субъектинин мыйзам менен корголгон укуктары бузулган.

Чогултулган материалдар Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 320 (кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу), 233 (коммерциялык же башка уюмдардын ыйгарым укуктарынан кыянаттык менен пайдалануу) жана 359-беренелери (документтерди жасалмалоо) менен кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталды», -дейт маалыматта.

Количество просмотров: 167