• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Бажы кызматынын мурунку башчысы Адамкул Жунусов Бакудан Бишкекке экстрадицияланды

28 Бештин айы 2018 10:55 Бишкек Govori.TV

Бишкек.28.12.2018.Govori.TV.

Кыргызстандын мамлекеттик бажы кызматынын мурунку башчысы Адамкул Жунусов Бакудан (Азербайжан) Бишкекке экстрадицияланды. Бул тууралуу Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү кызматынан билдиришти.

Бажы кызматынын мурунку башчысы өз мекенине каржы полициясынын кызматкерлери тарабынан жеткирилди.

Ведомстводон билдиришкендей, декабрь айында Каржы полициясы, Башкы прокуратура жана Кыргызстандагы Интерполдун УКБсы Адамкул Жунусовду экстардициялоо боюнча иш-чараларды өткөрүп келишкен.

Буга чейин 2018-жылдын августунда Адамкул Жунусовго кылмыш кылгандыгы үчүн сыртынан айып тагылган. Адамкул Жунусов 2013-2016-жылдар аралыгында бажы кызматын жетектеп турганда башка мамлекеттик органдар жана жеке компаниялар менен коррупциялык байланыштарды уюштурган делүүдө.

Количество просмотров: 23