• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Бажынын кирешеси азайды (видео)

17 Чын куран 2018 16:06 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 17.04.2018. Govori.TV

“Жылдын башындагы эки айда бажы тармагында киреше боюнча өсүш болгон, март айында көлөм кайра түшүп кетти…”  Бул тууралуу КРнын Бажы башчысы Кубанычбек Кулматов айтты.
Анын пикиринде, учурда бажы тармагындагы көлөмгө айрым жагдайлар себеп болуп, ошонун айынан жыл башындагыдай киреше жок болуп жатат. “Түштүк бажы тармагында март айынан баштап киреше түшүп кетти. Тагыраагы, Өзбекстан менен Тажикстанга транзиттик жүк жок болуп, ички импорт токтоп калды. Бул жакта атайын саботаж болуп атат, жүктү башка жакка алып кетип атышат. Коммерсанттар, саясатчылар саботаж кылып жатышат…”,-деди ал.
Ошону менен бирге эле Сапар Исаков да буга айрым саясатчылар себеп болуп жатканын, бирок, кезеги келгенде айтаарын, азыр айтпай коюу анын укугу экенин билдирди.

Эске сала кетсек, 5-февралда Сапар Исаковдун кабыл алуусунда болгон бажы кызматынын ашчысы Кубанычбек Кулматов быйылкы жылдын бир айында былтыркы жылга салыштырмалуу 900 млн. сом көп киреше түшкөнүн билдирген.

Количество просмотров: 13