• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

БДК Ташиевди кызматтан алууну талап кылды

27 Аяк оона 2022 14:44 Бишкек Govori.TV

«Бириккен демократиялык кыймыл» (БДК) Улуттук коопсуздук комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиевдин чек арага байланыштуу кол койгон протоколдорун жана айткандарын сындап билдирүү таратты. Кайрылууда Ташиевдин соңку кадамдары «коомду дүрбөлөңгө салып, элдин тынчсыздануусун жана кооптонуусун күчөттү» деп белгиленет.

«Төрт чек ара постунун алынышы Баткендик мекендештерибизди коргоосуз калтырды. Толкунданган элибиз азыркы бийликке катуу талаптар менен чыкты. БДК элдин талабын түшүнүү менен кабыл алып, толугу менен колдойт.

Эки жылдын ичинде Кыргызстан эки жолу коңшу мамлекет тарабынан куралдуу кол салууга дуушар болду. Анткени, Камчыбек Ташиев кызматка келээри менен чек ара маселелеринде такталбаган, ойлонулбаган чечимдери менен мамлекетти ушул абалга алып келди. Чек ара маселелерин чечүүдө улуттук кызыкчылыкты коргой алган жок. Камчыбек Ташиев башка бийлик бутактары менен макулдашылбаган, олдоксон билдирүүлөрү, алешемдик, алабармандык тайкы сөздөрү жана жашыруун иштеринин кесепетинен 100 жакын кырчындай уул кыздарыбыздан жана жоокерлерибизден ажырап, миңдеген адамдар жабыр тартышты. Жүз миңдеген жарандарыбыз качкын болуп, миңдеген адамдар үй жайынан ажырашты. Ондогон мамлекеттик имараттар, мектептер, бала бакчалар, соода түйүндөр өрттөнүп, талкаланды. Баткендик мекендештерибиз жана мамлекет миллиарддаган чыгымдарга дуушар болду.
Бул жөнүндө КР Президенти БУУнун жыйынында так маалыматты берип, коңшу мамлекетти агрессор деп атады.
Эгемендүүлүктү алган 30 жылдын ичинде азыркы учурдай оор кырдаал өлкөбүздө түзүлгөн эмес.
Ушул трагедиялар, жоготуулар, адам өмүрүнүн кыйылышы Камчыбек Ташиевдин чек ара маселесин компетентсиз жетектегендигинен, анын сабатсыздыгынан, наадандыгынан жана өзү билемдигинен келип чыкты. Анын көз карашы, позициясы, кабыл алган чечимдери, кол койгон документтери мамлекет башчы БУУдан айкындаган маалыматтарга карама-каршы келип, биздин өлкөнү оор абалга кептеди.

Жогоруудагы айтылган фактылардын негизинде КР президентинен Камчыбек Ташиевди токтоосуз кызматтан алып, кылмыш жоопкерчилигине тартылуусун талап кылабыз», — деп жазылат билдирүүдө.

Количество просмотров: 852