• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Бегайым Мамбетова: «Кыйынга» келип өз билимимди өркүндөттүм

19 Бугу 202518:48 Бишкек Govori.TV

«GOVORI.TV» мультимедиялык маалыматтык агенттиги медиа айдыңындагы “Кыйын” долбоорунун алкагында уюштуруп келген айымдардын лидерлик дараметин арттырууга багытталган тренинг бул жолу Ысык-Көлдө өттү.

Бул окутуу тренингине өлкөнүн түндүк жергесиндеги 21 лидер айым чогулду. Алардын катарында жергиликтүү кеңештин депутаттары, мугалим, жарандык активист жана жеке ишкерлер бар.

Алардын бири Бегайым Мамбетова. Ал жөнөкөй тарбиячылыктан бала бакчанын жетекчилигине чейин өзүнүн кесипкөйлүгүнүн арты менен жеткен. Айымыбыз «Кыйынга» келип өз билимимди өркүндөттүм деген пикири менен бөлүштү.

«Кыйын долбоорун интернет булактардан алып арыз бергем. 78 айымдын арасынан суурулуп чыгып бул жакка келип олтурганыма абдан кубандым. Бул жакка келип жаңы тааныштарды таптым, билимимди өркүндөттүм. ишиме жана айыл аймакты өркүндөтүүгө жакшы маалыматтарды алдым», — дейт ал.

Количество просмотров: 398