Балбан кыз Айсулуунун машыктыруучусу Нурбек Изабековго жетишээрлик көңүл бурулбай калды. Мындай пикирди Күрөш федерациясынын вице-президенти Канат Бегалиев билдирди.
“Өлкө президенти Сооронбай Жээнбеков Тыныбековага үч бөлмөлүү үй тапшырды. Мындан сырткары, бир топ баалуу белектер тартууланды. Ал эми балбан кыздын машыктыруучусу Нурбек Изабеков агайдын эмгеги бааланбай таарынтып алдык деп ойлойм”,-деди Канат Бегалиев.