• Жума 17 Теке 2026
  • Пятница 17 Июль 2026

Бегимай Турусбекова «Царица» долбоорунда калыстардын жогорку баасына татыды

4 Жетинин айы 202416:16 Бишкек Govori.TV

Кыргызстандык Бегимай Турусбекова Москва шаарында өтүп жаткан «Царица» вокалдык долбооруна катышып, калыстардын жогорку баасына татыды. Бул тууралуу ал социалдык тармактагы баракчасына жазды.

«Урматтуу кыргыз элим! Учурда Москва шаарында «Царица» аттуу вокалдык шоуга катышып жатам. Ата-энемди, бир туугандарымды, мени колдоп ар дайым жанымда жүргөн жолдошумду, анан дагы эң башкысы кыргыз жеримди, элимди уят кылбайын деп болгон күчүмдү жумшап жатам. Өз кызыңыздарды колдоп туруңуздар», — деп жазган ал.

Эскерте кетсек, Бегимай Турусбекова Бишкектеги Ынтымак паркында караоке ырдап калың журттун катмарына таанылган.

Количество просмотров: 784