“GOVORI.TV” мультимедиялык маалыматтык агенттиги медиа айдыңындагы “Кыйын” аталышындагы телевизиондук ток-шоусунун алкагында Кыргызстандагы айымдардын лидерлик дараметин калыптандыруу максатында жетинчи тренингин өткөрдү. Ага өлкөбүздүн булуң-бурчунан алдыңкы жаш лидер айымдар келген.
35 жаштагы Нургүл Бейшеева «Бактылуу үй-бүлө-ийгиликтүү коомчулук» долбоорунда көзөмөлдөө адиси болуп эмгектенет.
«Тренингге жөн эле келбептирмин, ушул нерсе мага керек экен. «Кыйын» деп долбоордун аты айтып тургандай эле потенциалы күчтүү лидер кыздарды чакыруу менен алардын билимин жогорулатканга шарт түзүп берди. Келген спикерлерден дем-күч алдым»,-дейт Бейшеева.