• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Бейшеналиев арча басып калганда куткарган депутат Түлөбаевга ырахмат айтты

3 Бирдин айы 2022 18:10 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 3-февралда Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев көзү көгөргөн учур тууралуу кенирээк маалымат берип, ЖК депутаты Балбак Түлөбаевге ырахмат айтты.

Анын айтымында, аны арча басып калган. Өзүн жоготуп койгон учурда анын көрүп калган Түлөбаев жардамга келип, басып калган бактын алдынан чыгарган.

Эске салсак, 20-декабрда вирустун жаңы түрүн талкуулаган жыйында министр бети сыйрылып, көзү көгөргөн абалда жүргөн. Бул коомчулук тарабынан бир катар талкууларга алынып, түрдүү кептердин жаралуусуна себеп болгон.

Ал эми Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматы бул боюнча комментарий берип,17-декабрда «Алтын балалык» реабилитациялоо борборунун аймагына көчөттөрдү отургузуу учурунда министр Бейшеналиевге арча кулап кеткенин билдирген.

Количество просмотров: 5188