• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Бейшеналиев менен Нарматованын сүйлөшүүсү тарады. Министр эмне дейт?

10 Тогуздун айы 2023 9:49 Бишкек Govori.TV

Кечээ Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев менен Жогорку Кеңештин депутаты Надира Нарматованын сүйлөшүүсүнүн видеосу тараган. Анда Нарматова тууганын жумушка орноштурууну суранган.

Бул көрүнүш социалдык тармактарда талкуу жаратып, бир катар сындар айтылды.

Бейшеналиев Govori.TVга комментарий берип, жумуш ордун ооруканадагы башкы дарыгер чечерин айтты.

«Саламаттык сактоо министри катары менден сурангандар көп болот. Нарматованын айтып жаткан тууганы Санкт-Петербург шаарынан келиптир, жакшы адис деди. А мен болсо жөн гана багыттама бердим. Квалификациясы барбы же жокпу? Иштей алабы? Ооруканада штат барбы? Башкы дарыгер чечет»,- деди Алымкадыр Бейшеналиев.

Эскерте кетсек, Жогорку Кеңештин депутаты Надира Нарматова кечээ, 9-октябрда Саламаттыкты сактоо министрлигинин жетекчисине анын тууганын жумушка орноштурууну суранган. Бул тууралуу видео 24. kg сайтына жарыяланган.

Количество просмотров: 7963