• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Бейтааныш аял сабап салган кыздардын бири Даун синдрому менен жабыркайт

1 Бирдин айы 2019 18:24 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 01.02.2019.Govori.TV.

Оштогу оюн-зоок борборлорунун биринде бейтааныш аял сабап салган кыздардын бири Даун синдрому менен жабыркайт. Бул тууралуу Facebook баракчасынын колдонуучусу Sputnik Кыргызстан агенттигине жарыяланган макаланын алдына билдирүү калтырган.

Буга чейин YouTube каналында бейтааныш аял эки кичинекей кызды башка-көзгө чапкылаган видео жарыяланган.

Окуя Ош шаарындагы көңүл ачуучу жайларынын биринде болгон. Милициядан билдиришкендей, аталган факт кыздардын апасынан арыз түшкөндөн кийин 29-январда жоруктар жана эреже бузуулар боюнча бирдиктүү реестрге каттоого алынган.

Маалым болгондой, белгисиз аял эки кыз анын кызы менен балдар аянтчасында уруша кеткенине ачуусу келген.

«Жабыркаган кыздардын бири Даун синдрому менен жабыркайт. Бул аял кыздарды уруп эле тим болбостон, наристенин апасына кыздарын көпчүлүккө алып чыкпашын талап кылган. Бул эмне деген акмакчылык? Биздин өлкөдө, өзгөчө балдарга качан жакшы мамиле жасала баштайт? Булар деле биз сыяктуу адам, алардын укугу башкалардыкынан кем эмес», — деп жазган Facebook колдонуучусу.

Сабалган кыздардын бири Даун синдорму менен жабыркай турганын милиция бөлүмүндөгү булак дагы тастыктады.

Количество просмотров: 12