• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Бейтааныш киши кызды сабап, денесине залал келтирген. Шектүү кармалды

30 Бугу 2022 12:49 Бишкек Govori.TV

Бишкекте милиция кызматкерлери кызга кол салууга шектелген жаранды кармады. Маалыматты Октябрь райондук милициясынын басма сөз кызматынан тастыкташты.

Маалыматка ылайык, 28-майда О. аттуу жаран арыз менен кайрылып, ал ошол күнү саат 03:20 чамасында 12-кичирайонундагы супермаркеттердин биринде эч себепсиз денесине залал келтирген белгисиз адамга чара көрүүнү өтүнгөн.

Бул факт Октябрь РИИБнин маалыматтык каттоо журналына катталып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталган. Алынган жаракаттар боюнча соттук-медициналык экспертиза дайындалган.

Ошол күнү ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө Октябрь райондук милициясынын кызматкерлери тарабынан аталган кылмышка шектелип 1982-жылы туулган Э.А. аттуу жаран кармалган. Ага карата тиешелүү тергөө амалдары жүргүзүлүп, экспертизанын корутундусу даяр болгонго чейин бошотулган.

Количество просмотров: 531