• Жума 26 Кулжа 2026
  • Пятница 26 Июнь 2026

Бейтаптарды күттүрүп коюп, иш учурунда тамактанган медайымдардын видеосу талкуу жаратты

30 Жалган куран 202115:50 Бишкек Govori.TV

Социалдык тармактарда Каракол шаарынын Үй-бүлөлүк медицина борборунун кызматкерлери жумуш учурунда түшкү тамактанып жаткан видео тарап, социалдык тармактарда талкуу жаратты.

Видео материалдын автору эртең менен саат 10:30да эле медициналык кызматкерлер тыныгуу жасап, бейтаптарды күттүрүп койгонун айткан.

Аталган маалымат боюнча Саламаттык сактоо министрлигинин Ысык-Көл облусундагы өкүлү комментарий берип, окуя боюнча жыйын өткөнүн билдирди. Анда орой жооп берген медайымга эскертүү берилип, протокол түзүлгөн.

Количество просмотров: 797