• Ишенби 27 Кулжа 2026
  • Суббота 27 Июнь 2026

Жугуштуу оорулар клиникасында бейтаптар батпай, кошумча койкалар коюлуп жатат

8 Үчтүн айы 202513:22 Бишкек Govori.TV

Учурда республикалык жугуштуу оорулар ооруканасында ооругандар көп, стационарда 606 оорулуулар дарыланып жатышат. Бул тууралуу аталган оорукананын башкы дарыгеринин орун басары Нургүл Молдалиева радио эфиринде билдирди.

Анын айтымында, оорукана 500 койкага гана эсептелген.

«Бишкекте биздин оорукана гана республикалык жугуштуу оорулар ооруканасы болуп эсептелет. Ушул учурда 606 бейтап дарыланып жатат. Бир суткада 317 адам кайрылып, алардын 123 ооруканага жаткырылса, калгандары амбулатордук дарыланууда», — деди ал.

Ооруканада кошумча койкаларды коюшуп, ооруп келгендерге ар тараптуу жардам көрсөтүлүүдө.

Көпчүлүк бейтаптар адатта ОРВИ менен түшөт, андан кийин кызамык, андан соң башка жугуштуу оорулар менен ооруган бейтаптар түшүп жатканы белгилүү болду.

Оорукана администрациясы да тез жуга турган оорулар менен түшкөндөр көбөйүп жатканын белгилеп, адамдарды массалык топтолгон жайларга, жабык балдар аянтына баруудан карманууга чакырды.

Количество просмотров: 333