• Шейшемби 14 Бугу 2024
  • Вторник 14 Май 2024

Бекешев Акрам Мадумаровго: Эми ар бир министрди галстук үчүн урушасызбы?

12 Бирдин айы 2020 16:14 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 12-февралда Парламентте вице-премьер министрликке Акрам Мадумаровдун талапкерлиги каралып жатат. Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев Акрам Мадумаровдун  галстук боюнча мугалимдерди сындаганын эске салды.

«Буга чейин мугалимдерди галстук тагынбаган үчүн уруштуңуз эле. Эми ар бир министрди галстук үчүн урушасызбы?», — деди Бекешев.

Ал эми Мадумаров депутаттын суроосуна жооп берди:

«Мен жетекчи катары окуу жайга барып, окутуучуларга сын-пикир айткам. Мен өзүм мугалим болуп иштегем. Мугалимдерди урматтайм. Ал жерде мугалимдерге, окуучуларга шарт түзүп берүү бирични максат», — дейт талапкер Мадумаров.

Количество просмотров: 110