• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Бекешев: Арак сатууга чектөөлөрдү киргизүү керек

15 Үчтүн айы 2020 11:17 Бишкек Govori.TV

Бүгүн Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында үй бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо боюнча КРдин мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу долбоор каралып жатат. Аны өкмөт сунуштап, иштелип чыккан. Мыйзам долбоорду ИИМ министринин орун басары Асанов окуду.

Ага залдагы депутаттар суроо узатышты. Ал эми эл өкүлү Дастан Бекешев 2019-жылы убактылуу ордер канча адамга берилгенин сурады. Опумбаев өткөн жылы 6145 адамга берилгенин айтты.

Көбүнчө зомбулук ичимдиктен келип чыгып жатканын айткан депутат үй бүлөлүк зомбулуктун статистикасына кызыкты.

Өз кезегинде ИИМ министринин орун басары 2019-жылга карата үй бүлөдөгү зомбулук боюнча жалпы 8159 арыз катталганын айтты.

8159 арыздын 554ү сотко өтсө, 7045 иштергөөнүн жүрүшүндө тосмо арыз жазылып артка кайтарылып алынган. Ал эми бүгүнкү күндө 560 иш тергөөдө», — деди Асанов.

Мындан тышкары Асанов статистика боюнча зомбулуктун себеби катары ичкилик экенин айтты. Ал катталган зомбулуктардын 70% ичимдик ичип алгандан улам келип чыкканын билдирди.

Эл өкүлү Бекешев маселенин негизи ушунда жатканын айтып, жер-жерлерде спирт ичимдиктери ар бир дүкөндө каалаган убакта сатылып жатканына нааразы болуп, арак сатууга чектөөлөрдү киргизүү керектигин айтты.

Количество просмотров: 124