Бишкек.12.04.2019.Govori.TV.
Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев өкмөт башчынын баяндамасы тууралуу пикирин билдирип, өлкөдө жумушчу орундардын жоктугун айтып, сынга алды.
«Баяндамаңызды угуп отуруп, биз аябай өнүккөн мамлекетте жашап жаткандай сезип кеттим. Өлкөдөгү жумушчу орундардын түзүлүшү тууралуу маселе бар»,-деди Бекешев.
Буга Өкмөт башчы өзүн дагы ушул эле кемчилик менен сындай турганын билдирип, маселени чечүүгө аракет көрүлөөрүн кошумчалады.