ЖК депутаты Дастан Бекешев Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин Бишкек шаардык башкармалыгында 15-ноябрда үч саттан ашык сурак берип чыкты.
Ал мекеменин алдында күтүп турган тарапташтары, укук коргоочулар жана адвокаттарга жолугуп, шайлоонун үгүт мыйзамдарын бузууга байланыштуу сурак бергенин айтты.
«Менин балдарым үгүт иштери менен жүрүшкөн. Алардын жанында жашы жете элек балдар бар экен. Жардамдашып жүргөнбү билбейм. Аларды кармап алып, «мына, үгүт кылып жүрөсүңөр» дешиптир. Азыр эми Жазык кодексинин 194-беренеси («Шайлоо же референдум өткөрүүдө каражаттарды мыйзамсыз пайдалануу») менен териштирип жатышат. Бирок бул берененин эч кандай тиешеси жок», — деп билдирген ал.