Депутат Дастан Бекешев жарандарга акысыз бет кап берүүнү сунуштады. Ал мындай пикирин Жогорку Кеңештин бүгүн, 13-майдагы отурумунда билдирди.
«Коронавирус оорусу акчасыз адамдарга салык катары болуп калды. Бет кап жок болсо айып пул, маалымат кат жок болсо айып пул. Унаа жок болсо жөө жүрөсүң. Бул туура эмес го», — деп кайрылды депутат премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевге.
Өкмөт башчынын айтымында, бул баарына келген оорчулук жана ар ким өзүнө тиешелүү милдетти аткарышы керек.
«Бет капты эмне үчүн айтып жатабыз? Макул, өзүңдүн ден соолугуңду сактабасаң, бирок жаныңдагыларга зыян келтирбе деген мааниде. Бет капты кий, санитардык норманы сакта, үйдөн чыкпа, бирөөгө жугузба деген сөздү аткарыш керек да. Үйүнөн чыкпасын, бет кабын кийбесин анда» — деди өкмөт башчы.
«Мен дагы бет кап кийгиле деп жатам. Бирок айып пул салган өтө туура эмес. Элде акча жок болсо кантип айып пул салабыз? Же бир күндө 1-2 бет кап бекер беришибиз керек», — деди Бекешев.
«Бул мурунку маселеге окшошуп жатат, мен түкүрөм, бирок эчтеке төлөбөйм дегендей. Бет кап алып, өзүңдүн ден соолугуңду кара дегенден эч кандай… Жок дегенде өзүнүн ден соолугу үчүн 15 сомго бет кап алсын да. Биз ачыгын айтышыбыз керек. Мындай колдой берсек эртең бет кабы жоктун баары чыгат» — деп жооп берди Абылгазиев.