• Жекшемби 28 Кулжа 2026
  • Воскресенье 28 Июнь 2026

Бекешев Жогорку Кеңеш референдум тууралуу мыйзамды кабыл ала албай турганын айтты

9 Бештин айы 202011:43 Бишкек Govori.TV

Депутат Дастан Бекешев Жогорку Кеңеш референдум тууралуу мыйзамды кабыл ала албай турганын айтты.

«Конституциялык палатанын чечиминде «Мөөнөтү бүткөн Жогорку Кеңеш мамлекеттин тагдырына тиешелүү саясий маселелерди карап, чечим чыгарууга укуксуз» деп жазылып турат. Парламент бюджет жана башка социалдык экономикалык маселелерди кароого укуктуу. Референдум, бийликти бир адамдын колуна берүү — саясий маселе. Ошондуктан, Референдум тууралуу мыйзамды экинчи окуудан кароодо ушул маселени дагы карап көргүлө», — деди ал.

Бүгүн, 9-декабрда жалпы жыйында Жогорку Кеңеш келерки жылдын 10-январында мамлекеттик башкаруунун формасын аныктоо боюнча бүткүл элдик референдум өткөрүү жөнүндө мыйзам долбоорун биринчи окуда жактырды. Жыйында долбоорго депутаттар Текебаев, Момбеков, Бекешев, Никитенко «каршы» добуш берсе, калган эл өкүлдөрү колдоого алды.

Эске салсак, 3-декабрда Жогорку Кеңеш келерки жылдын 10-январында мамлекеттик башкаруунун формасын аныктоо боюнча бүткүл элдик референдум өткөрүү жөнүндө мыйзам долбоорун карап, жыйындын соңунда кворум болбой калгандыктан добуш берилген эмес.

Парламенттик же президенттик башкарууну аныкташ үчүн референдум өткөрүү боюнча мыйзам долбоорун Жогорку Кеңештин депутаты Акылбек Жапаров иштеп чыкканы жазылган. Ал эми бул долбоорду буга чейин экс-депутат Курманкул Зулушев сунуштаган. Ал эми Жапаров ошол эле долбоордогу референдумдун өтүүчү күнүн гана өзгөртүп чыгарганын билдирген.

Жогорку Кеңештин айрым депутаттары конституциялык референдум өткөрүүгө байланышкан мыйзам долбоору жалпы сессияга комитетте тийиштүү түрдө каралбастан регламент бузуу менен сунушталганын айтышууда.

Количество просмотров: 46