• Шейшемби 14 Теке 2026
  • Вторник 14 Июль 2026

Бекешев: Жок дегенде жарандарга электр энергиянын өчүү графигин түзүп, айтып койбойбу

18 Үчтүн айы 202311:31 Бишкек Govori.TV

Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Дастан Бекешев президенттин парламенттеги өкүлү Алмасбек Абытовго кайрылып, учурдагы электр жарыгынын үзгүлтүккө учурап жаткандыгы тууралуу кеп козгоду.

“Бишкекте жана аймактарда саат сайын электр энергияны өчүрүп баштады. Энергетиктер муну жөнгө салуучу чара деп коюшту. Чындыгында, бул маал-маалы менен өчүрүү. Бизде электр энергия жетишсиз, жабдыктар эски болуп жатканын түшүнүп жатам. Бирок, жок дегенде жарандарга электр энергиянын өчүү графигин түзүп, айтып койбойбу. Жарандар ошого даяр болушат эле”, — дейт эл өкүлү.

Количество просмотров: 81