• Ишенби 4 Бугу 2024
  • Суббота 4 Май 2024

Бекешев: Журналисттерди душман көрбөшүбүз керек

17 Үчтүн айы 2024 10:55 Бишкек Govori.TV

ЖК депутаты Дастан Бекешев жалпы жйында сөз алып акыркы болуп жаткан окуяларга токтолду. Депутаттын айтымында, бул кырдаал иликтениши керек.

“Өлкөбүздүн буга чейинки тарыхынан билебиз да, төңкөрүш, бийликти алмаштыруу такыр башка жолдор менен жасалат. Жаш балдар видео камера же телефон менен төңкөрүш кыла алышпайт. Алар бийлик үчүн коркунуч алып келбейт.

Жалпыга маалымдоо каражаттары менен журналисттер бийликти колдоого милдеттүү эмес. Бул алардын иши да эмес. Журналисттер тескерисинче кетирилген каталарды таап көрсөтүп берип, бийлик аларга рахмат айтып оңдошу зарыл. Журналисттерди душман көрбөй коррупциялык, мыйзамсыз иштерди ачканга көмөк кылган жардамчы катары кабыл алсак. Ооба, майда-чүйдө маселелерди жаза берген да ЖМКлар бар. Алар да жоопкерчилик алышы керек. Бирок өлкөдө эркин басма сөз болушу керек. Эгерде сөз эркиндиги болбосо, эркин коом да, эркин өлкө да болбойт. Эч ким пикирин ачык айта албайт. Бийликти мактагандар көп. Бирок чындыкты айткандар аз. Ошондуктан президент комиссия түзүп, жалпыга маалымдоо каражаттары мыйзам бузуп жатабы же аларга каршы мыйзамсыз иштер болуудабы иликтеп чыксак”, — деди депутат.

16-январдын таңында үйлөрүндө тинтүү жүрүп, өзүлөрү ИИМге суракка жеткирилген «Айт, айт десе» жана «Темиров LIVE» долбоорлорунун мурдагы жана азыркы кызматкерлери 48 саатка камоого алынды.

15-январда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) кызматкерлери 24.kg маалымат агенттигинин кеңсесинде айрым техникалык каражаттарын алып кеткен жана үч кызматкерин суракка алып, кое берген.

Количество просмотров: 54