Депутат Дастан Бекешов Жогорку Кеңеш жыйынында эски унаалар борбор калаанын абасын булгап жатканын билдирди.
Депутаттын пикиринде мэрия эски унааларды колдонууга салык киргизип, кийинчерээк каттоого тыюу салыш керек.
“Ал унааларды региондордо каттаса болот. Бишкек шаарына киргенде төлөм алыш керек. Аба таза болот. Андан башка жол жок”,-деди депутат.
Депутатка ошондой эле микроавтобустар да жакпастыгын билдирди. “Алар дагы экологияга зыян келтирүүдө. Микроавтобустарды акырындык менен шаар көчөлөрүнөн тазалаш керек. Элдер жөө жүрүшсүн”-деди Бекешов.