Кемпир-Абад иши боюнча абакта жаткандардын ичинен алты киши ачкачылык жарыялады. Бул тууралуу Жаза аткаруу кызматы билдирди.
Маалым болгондой, алар 22-августта ачкачылык жарыялаганы тууралуу мекемеге жазуу жүзүндө арыз берген.
Алар: Жеңиш Молдокматов, Марат Баязов, Айданбек Акматов, Айбек Бузурманкулов, Кеңешбек Дүйшөбаев жана Азимбек Бекназаров. Тергөө абагындагылар муну соттук териштирүүгө байланыштырып, Жаза аткаруу кызматына дооматы жок экенин билдиришкен.
“Алардын абалы канааттандырарлык, дарыгерлердин көзөмөлүндө”, — деп айтылат маалыматта.
Кемпир-Абад иши боюнча абакта отургандар ишти карап аткан Бишкектин Биринчи май райондук сотунун судьясы Марат Сыдыковдун аракеттерине нааразылык иретинде ачкачылык жарыялай турганын буга чейин отурумда саясатчы Азимбек Бекназаров билдирген.