Бишкек шаардык сотунда 1-октябрда саясатчы Азимбек Бекназаровдун бөгөт чарасы жана козголгон иштин мыйзамдуулугу боюнча апелляциялык арызы каралды. Бул тууралуу анын уулу Руслан Бекназаров билдирди.
Маалымат боюнча, шаардык сот саясатчынын жана анын адвокатынын жүйөлөрүн негизсиз деп таап, Биринчи май райондук сотунун Азимбек Бекназаровду 2-ноябрга чейин Бишкектеги №1 тергөө абагына камоо тууралуу чечимин күчүндө калтырган.
УКМК Азимбек Бекназаровду кармаганы 12-сентябрда белгилүү болгон. Мекеме бул боюнча 13-сентябрда маалымат таратып, кармоону 2010-жылдын апрелиндеги окуяларда банк кутучаларынан жана өкмөт үйүнөн алынган акчаны уурдоо жана коротуу фактысына байланыштырган. Кылмыш-жаза кодексинин «Легалдаштыруу, кылмыштуу кирешелерди ири өлчөмдө адалдоо» (222-беренесинин 3-бөлүгүнүн 3-пунктунда) беренеси боюнча кылмыш иши козголгонун маалымдаган.
68 жаштагы Азимбек Бекназаров Жогорку Кеңештин депутаты, баш прокурор, 2010-жылдагы Апрель окуясынан кийин Убактылуу өкмөттүн төрайымынын орун басары кызматын аркалаган. 2022-жылы 23-октябрда Кемпир-Абад иши боюнча кармалып, Биринчи май райондук сотунун чечими менен быйыл 14-июлда акталып чыккан.