Камакта жаткан саясатчы Азимбек Бекназаровдун туугандары президент Садыр Жапаровго кайрылды. Алар тергөө иштерин саясатчыны үй камагына чыгарып коюп жүргүзүүнү суранышты. Алардын видео кайрылуусун Азимбек Бекназаровдун уулу Руслан Бекназаров Фейсбуктагы баракчасына жарыялады.
Жакындары Азимбек Бекназаров эч жакка качпай турганын, алар кепилдик берерин айтышкан.
УКМК Азимбек Бекназаровду кармаганы 12-сентябрда белгилүү болгон. Мекеме бул боюнча 13-сентябрда маалымат таратып, кармоону “2010-жылдын апрелиндеги окуяларда банк кутучаларынан жана өкмөт үйүнөн алынган акчаны уурдоо жана коротуу фактысы” боюнча деп билдирген.