• Шаршемби 24 Чын куран 2024
  • Среда 24 Апрель 2024

Бекназаров Жээнбековдорду КСДПдан чыкпоого чакырды

20 Жалган куран 2018 15:04 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 20.03. 2018. Govori.TV
Жээнбековдор көп жылдан бери СДПКнын мүчөсү болуп жүрүшүп-элчи, губернатор, министр, премьер-министр, депутат, президент болдуӊар. Жаны партия түзүү ичкен кудугуӊарга түкүргөндөй эле болот”. Бул  сөздөрдү саясатчы Азимбек Бекназаров Президентке жолдогон ачык катында келтирип өткөн. Муну айрым кыргыз сайттары бүгүн жарыкка чыгарууда.
Ал белгилегендей, эгер Президент өз атын тарыхта калтыргысы келсе, анда жаңы партия түзүүнү ойлобой, КСДПны Атамбаев менен бирге идеялык жактан жаңылап, ичинен тазалап, катарын жаӊы прогресивдүү жаштар, тажырыйбалуу, туруктуу саясатчылар менен кеӊейтип коомдук пикирлерди эске алуу менен Атамбаев жана андан мурдагы Президенттер бүтүрө албаган иштерди бүтүрүүнүн, каталарын оӊдоонун жолдорун таап, аныктап, жаӊы реформаларга багыт алышы керек.
“Сизде деле Атамбаевдин мураскору катары өзүӊүздүн жаӊы идеялар, кадамдар менен СДПКнын толук ишенимин, колдоосун алып жалпы элдин Президентине айланууга моралдык, саясий укуктук жактан толук мүмкүнчүлүгүӊүз бар. Буга СДПКнын атамандары Мискенбаев менен Карамушкиналар каршы болбосо керек. Сиз өз саясатыӊызды, бийлигиӊизди, тайсалдабай, чечкиндүү баштасаӊыз, азырынча бийлик кумарынан кете албай турган Атамбаев өзүнүн Кулматов, Сегизбаев, Жолдубаева, Исраиловко окшогон  мурдагы кошелек, жансакчы, жардамчы, катчы, шоферлорун ээрчитип ардактуу эс алууга аргасыз болот. Эгерде Атамбаев бийликтен колу-бутун Б.Ельцинге окшоп, биротоло тартып сизге толук кандуу иштешиӊизге мүмкүнчүлүк берсе, кыргыз эли да орустар Б.Ельцинди кечиргендей Атамбаевди кетирген кемчиликтер үчүн кечирет. Кеп- Атамбаев, Ельцин, ал эми Жээнбеков Путин боло алабы- ошондо…”,-деп аяктайт ал өзүнүн катын.
Количество просмотров: 36