• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

КСПДнын жетекчилиги Анвар Артыковго буюрду

27 Бугу 2020 16:51 Бишкек Govori.TV

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди колдогон КСДП партиясынын жетекчилиги алмашып, саясий кеңешинин курамы өзгөрдү. Бул тууралуу партиянын маалымат кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, кечээ, 26-майда КСДПнын саясий кеңешинин жыйыны өтүп, ага 24 мүчөсү катышкан. КСДПнын жетекчисинин милдетин аткаруучу Асел Кодуранова Кой-Таш окуясы боюнча соттук териштирүүгө тартылгандыктан кызматынан баш тартып, Анвар Артыковго өткөрүп берген.

«Жыйында партиянын ичинде түзүлгөн кырдаал талкууланып, эч кандай чечим кабыл алынган жок. Төраганын орун басарлары Рыскелди Момбеков жана Кундуз Жолдубаева дагы саясий кеңештеги мүчөлүгүн токтотту. Бирок КСДПнын мүчөсү бойдон калды. Ирина Карамушкина саясий кеңештен да, партиядан да чыкты. Назгүл Мамытова саясий кеңештен кетти, бирок партияда калды. Ал эми Мээрбек Мискенбаев, Адиль Турдукулов жана Мирбек Айтикеев саясий кеңештен, партиядан дагы чыгышты», — деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, буга чейин аталган партиянын ичинде ажырым пайда болгону тууралуу маалыматтар тараган болчу.

Количество просмотров: 623