• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Сабалганы айтылган Темирлан Султанбеков үн катты

19 Баш оона 2021 15:25 Бишкек Govori.TV

«Социал-демократтар» партиясынын лидери Темирлан Султанбеков анын сабалгандыгы тууралуу тарап жаткан маалыматка жооп берип, ал тоодо эс алууда жүргөнүн жазды.

Анын айтымында аны эч ким сабаган эмес.

«Алтымышев аттуу журналист (тилекке каршы тааныбайт экенмин) мени кимдир бирөө сабады деп маалымат таратыптыр. Тактап коёюн дедим эле, мени ким жана кайсы жерден сабаптыр? Коркпой эле койгула мен оорудан кийин тоодо эс алып жүрөм», — деп жазган Султанбеков.

Эске салсак, кечээ, 18-августта социалдык тармактарда Султанбеков сабалды деген маалымат тараган болчу.

Количество просмотров: 4344