Талас шаардык кеңешинин КСДП фракциясынан мурдагы депутаты эки айга камакка алынды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы кабарлайт.
Маалыматтта айтылгандай, УКМК тарабынан ыкчам-издөө иш-чаралардын жүрүшүндө “Алдамчылык” беренеси боюнча кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган сотко чейинки өндүрүштүн алкагында, издөөдө жүргөн Талас шаардык кеңешинин КСДП фракциясынын экс-депутаты “Ж.С.” кармалды.
Экс-депутат «Ж.С.», 2017-жылы алдамчылык жолу менен чет элдик инвесторлордон 7 миллион сомдон ашык суммадагы материалдык мүлктү жана каражаттарды тартып алганы аныкталган. Жыйынтыгында ал Кыргыз Республикасынын ИИМ тарабынан издөөдө жүргөн.
Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту аталган экс-депутат «Ж.С.» 2021-жылдын 18-октябрына чейин КР УКМК тергөө камак жайында кармоо түрүндө баш коргоо чарасын карады.