• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Күндүн ыргагы: Депутаттар каникулга тарады. Жээнбековдун «экс» макамы талкууда…

29 Кулжа 2023 19:07 Бишкек Govori.TV

ЖАПАРОВ “АСМАНДЫН” КУРУЛУШУНА СТАРТ БЕРЕТ

Президент Садыр Жапаров 30-июнда Ысык-Көлдүн жээгинде заманбап Асман экошаарынын курулушуна старт берет. Бул тууралуу президенттин маалымат катчысы Эрбол Султанбаев билдирди.

Иш-чара УТРК, республикалык жана облустук телеканалдардын эфиринде, социалдык тармактардын баракчаларында түз чагылдырылат.

Белгилей кетсек, Асман шаарын тыштан келген инверсторлор салат. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров Чолпон-Ата шаарындагы маданият жана эс алуу паркын ачып жатып билдирген.

Анда мамлекет башчысы шаарда 500 миңден 700 миңге чейин адам жашарын, аянты 4 миң гектарды түзөрүн айткан.

ДЕПУТАТТАР КАНИКУЛГА ЧЫКТЫ

Бүгүн Жогорку Кеңештин VII чакырылышынын кезектеги сессиясы жыйынтыкталат. Бир жыл ичинде парламент кыргыз-өзбек чек арасын, анын ичинде Кемпир-Абад суу сактагычын чечүү, Кыргызстанда кумарканаларды ачуу боюнча коомчулукта ача-пикир жараткан мыйзам долбоорлорун кабыл алып берди. Парламент ушул жылы кандай иштеди? Деген суроого эл окүлдөру жооп берди.

Белгилей кетсек, бүгүн ЖК депутаттары кезектеги сессиясын жыйынтыкташты. Депутаттар алдыдагы эки айда аймактардагы шайлоочулары менен жолугушмакчы. Үстүбүздөгү жылдын 1-сентябрында кайра өз ишин башташат.

ПРОКУРАТУРАДАН ТЕРГӨӨ УКУГУ АЛЫНДЫ

Жогорку Кеңештин бүгүнкү отурумунда «Прокуратура органдары жөнүндө» мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» мыйзам долбоору каралды. Анда прокуратура органдарынан тергөө укугу алынып, Ички иштер министрлигине жана Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетине берилет.

Мындан тышкары Кыргызстанда кызмат учурунда жол кырсыгынан каза болгон прокурордун үй-бүлөсүнө бюджеттен миллиондогон сомдук кенемте төлөнгөн окуядан кийин мындан ары анын суммасы кыйла кыскартылмай болду. депутаттар тийиштүү мыйзам долбоорун дароо экинчи жана үчүнчү окууда карап, колдоп берди, эми ал президенттин кароосуна жөнөтүлөт.

“Прокуратура жөнүндө” мыйзамын өзгөртүү тууралуу мыйзам долбоорун Каржы министрлиги президенттин сунушунан кийин иштеп чыгып, парламенттин кароосуна киргизген. Ага ылайык, прокуратура кызматкери иш милдетин аткарып жаткан учурда каза тапса анын үй-бүлөсүнө жыйырма орточо айлык маяна өлчөмүндө бир жолку жөлөкпул төлөнүп берилет. Жыйырма орточо айлык маяна, Каржы министрлиги билдиргендей, 1,5 миллион сомго барабар.  Быйыл 15-майда Жогорку Кеңештин профилдик комитетиндеги талкуу учурунда Чаткал районунун курман болгон прокурорунун үй-бүлөсүнө 21,7 миллион сом төлөнө тургандыгы белгилүү болгон. Башкы прокуратура 20 жылдык орточо эмгек акынын өлчөмүндө бир жолку төлөм төлөнө тургандыгы мыйзамда жазылганын, аны аткарбай коюу мүмкүн эмес экенин билдирген. Окуя коомчулук арасында талкуу жаратып, президент Садыр Жапаров бул маселени талдап чыгууну тапшырган.

ЖЭЭНБЕКОВДУ  ЭКС МАКАМЫНАН АЖЫРАТУУ СУНУШТАЛДЫ

Депутат Акылбек Түмөнбаев «эмне үчүн Жээнбековдон экс-президент макамын алуу керек?» деген суроонун айланасында журналисттерге комментарий берди.

Анын айтымында, Жээнбеков өз мөөнөтүн Атамбаев менен кармашып өткөрүп жиберди.

Буга чейин Жогорку Кеңештин депутаты, «Элдик» депутаттык тобунун лидери Акылбек Түмөнбаев «Азаттыкка» маек берип, Жээнбековдон экс-президент макамын алуу демилгесин көтөрө турганын айткан.

Количество просмотров: 209