• Шейшемби 23 Чын куран 2024
  • Вторник 23 Апрель 2024

Бектур Асанов: Бир саат болду үйгө келгениме…

12 Бирдин айы 2019 20:34 Бишкек Govori.TV

Бишкек.12.02.2019.Govori.TV.

Саясий ишмер Бектур Асанов эркиндикке чыгып, үйүнө жаңы киргени тууралуу Govori.TV. агенттигине билдирди.

«Соттун чечими эртен менен чыгып, бошотуу процесси тез эле өттү. Бир саат болду үйгө киргениме. Абдан кубанычтамын»,- деп Асанов айтты.

Анын айтымында эртең Жалал-Абадка сапар алат. Бир жумадан кийин пресс-конференция берерин маалымдады.

https://www.facebook.com/samei73/videos/2300849693493557/

Бийликти басып алууга аракет кылган деген айып менен соттолгон Бектур Асанов жана Кубанычбек Кадыров шарттуу мөөнөтүнөн мурда эркиндикке чыгышты. Тиешелүү чечимди Жогорку сот кабыл алды.


Жаза аткаруу кызматы кабарлагандай саясатчы Бектур Асанов менен Кубанычбек Кадыров Чүй облусундагы түзөтүү мекемелеринин биринде жазаларын өтөгөн жана алардын жалпы жаза мөөнөтү учурда эки жылды түздү.

Эске салсак, буга чейин Бишкек шаардык соту биринчи инстанциядагы сот өкүмүн  күчүндө калтырган. Дастан Сарыгуловго шартты  түрдө  4 жыл, Эртнест Кадыровго  20 жыл, ал эми Бектур Асанов менен Кубанычбек Кадыровдорду 12 жылга кескен болчу.

Теги:
Количество просмотров: 20