• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Бектур Асанов жана Кубанычбек Кадыров эркиндикке чыгышат

12 Бирдин айы 2019 13:23 Бишкек Govori.TV

Бишкек.12.02.2019.Govori.TV.

Бийликти басып алууга аракет кылган деген айып менен соттолгон Бектур Асанов жана Кубанычбек Кадыров шарттуу мөөнөтүнөн мурда эркиндикке чыгат. Тиешелүү чечимди Жогорку сот кабыл алды. Бул тууралуу Асановдун жубайы Алтын Эркебаева Govori.TV агенттигине билдирди.

«Жогорку сот бүгүн Бектур Асанов жана Кубанычбек Кадыров шарттуу мөөнөтүнөн мурда бошотуу чечимди кабыл алды. Эртен менен сот отуруму болду, чечим колго тийсе эле Жаза аткаруу кызматына кайрылабыз. Процедура боюнча жакын арада эркиндикке чыгат, деген үмүтттөбүз»,-деди Эркебаева.


Жаза аткаруу кызматы Govori.TV агенттигине учурда тиешелүү документтер түшө электигин, эгер келсе талапка ылайык тиешелүү процедуралар жүргүзүлө тургандыгын маалымдады. Учурда саясатчы Бектур Асанов менен Кубанычбек Кадыров Чүй облусундагы түзөтүү мекемелеринин биринде жазаларын өтөп жаткандыгын жана алардын жалпы жаза мөөнөү учурда эки жылды түзө тургандыгын белгиледи.

Эске салсак, буга чейин Бишкек шаардык соту биринчи инстанциядагы сот өкүмүн  күчүндө калтырган. Дастан Сарыгуловго шартты  түрдө  4 жыл, Эртнест Кадыровго  20 жыл, ал эми Бектур Асанов менен Кубанычбек Кадыровдорду 12 жылга кескен болчу.

Количество просмотров: 31