Бишкекте Беларустун элчилигини астында “Айкөл Ала-Тоо” бирикмесинин нааразычылык акциясы өттү. Акцияга чыккандар Беларусиядан Кыргызстандын экс-премьер-министри Данияр Үсөновду берүүсүн талап кылышты.
“Кыргызстанга түрмөдө отурчу Данияр Үсөновду – Даниил Урицкийди бергиле,. Биз үнүбүздү угат деп тилек кылабыз”,-деп айтышты кайрылууда.
Мурда ММКга Данияр Үсөнов Беларусиянын жарандыгын алып, атын Даниил Тимурович Урицкий деп өзгөртүп алганы жазылган.