• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Белгилүү актёр Василий Лановой каза болду

29 Үчтүн айы 2021 17:11 Бишкек Govori.TV

СССР эл артисти, театр жана кино чебери Василий Лановой каза болду. Бул тууралуу орусиялык басылмалар жазды.

Маалыматка ылайык, актер 28-январда Москва шаарында көз жумган. 87 жаштагы актер январдын башында Лановой коронавируска чалдыгып, ооруканага жаткырылган. 28-январга караган түнү абалы начарлап, жандандыруу бөлүмүнө которулган.

Лановой 1934-жылы 16-январда Москвада туулган. 1957-жылдан тартып Москвадагы Вахтангов атындагы театрда иштеп, ал жерде 50дөн ашык роль жараткан. Мындан тышкары «Павел Корчагин», «Алоо кызыл жел кайык», «Согуш жана тынчтык», «Жаздын он жети көз ирмеми», «Офицерлер» сыяктуу бир катар көркөм тасмаларда роль жараткан.

Количество просмотров: 270