• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Түркияда актёр Нуржаасын Жумагуловго операция жасалат

21 Теке 202216:46 Бишкек Govori.TV

Эки бөйрөгү жабыркап, бирин алмаштыруу үчүн Түркияга кеткен актёр Нуржаасын Жумагуловго бүгүн операция жасалат. Бул тууралуу ал социалдык тармактагы баракчасы аркылуу билдирди.

«21-июль күнү Кыргызстандын сааты боюнча 14:00дө операция болом. Дуба кылып туруңуздар» деп жазган актёр.

Нуржаасын Жумагулов бөйрөгүнө операция жасатуу үчүн Түркияга 17-июлда учуп кеткен. Бир нече кинолордо башкы ролду жараткан белгилүү актёр Нуржаасын Жумагуловдун эки бөйрөгү  тең жабыркаган.

Количество просмотров: 264