• Шаршемби 22 Теке 2026
  • Среда 22 Июль 2026

Белгилүү ашпозчу Нусрет Гёкче өзүнүн Instagram баракчасына «Тазалыктын» видеосун бөлүштү

20 Бирдин айы 202410:19 Бишкек Govori.TV

Белгилүү түркиялык ашпозчу Нусрет Гёкче өзүнүн инстаграм баракчасына «Тазалык» ишканасынын туз себүүчү унаасынын видеосу менен бөлүшкөн. Анда унаага аны дүйнөгө таанымал кылып, «мемге» айланган этке өзгөчө туз себүү учуру тартылган сүрөт чапталган.

Белгилей кетсек интернетте эң популярдуу мем ашпозчусуна айланган түрк рестораторы Нусрет Гёкче инстаграмда 54 миллионго жакын катталуучусу бар. Жылдыздын негизги өзгөчөлүгү стейктерди чеберчилик менен кесүү жана этти туз менен чачуунун өзгөчө ыкмасы — билекти көздөй кооз ийилген кол, анын манжаларынан татымал чыканак аркылуу табакка куюлат.

Ал эми анын бул сүрөтүн «Тазалык» ишканасы 2020-жылда туз себүүчү унаага чаптап, тургундарга позитивдүү маанай тартуулашкан эле.

Количество просмотров: 396