• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

«Белгисиз жаштар пайда болуп, кырдаалды козутууга аракет кылышты». Байтерек Жапаровдун иш сапары тууралуу…

7 Бугу 2021 14:27 Бишкек Govori.TV


Президент Садыр Жапаров Баткен облусуна болгон иш сапарыны жыйынтыкталды. Бул иш сапар боюнча алдын ала жалпыга маалымдоо каражаттарына кабарланбагандыгы, иш сапарга журналисттерди кошо алып барбагандыгы жөнүндө жаралган суроого президенттин маалымат катчысы Галина Байтерек жооп берди. Ал өзүнүн билдирүүсүн Фейсбуктагы баракчасына жазган.

Анын айтымында, Баткен облусуна иш сапар акыркы мезгилде эле чечилген.

«Тажикстан менен чек арада болгон акыркы окуяларда жабыркаган баткендиктер менен жолугушууну пиар үчүн же публика үчүн болгон жок деп айтсак болот. Мында башкы максат жергиликтүү тургундар менен көзмө-көз сүйлөшүү болчу.

Ошондой эле бул жеке жолугушуу болгонун айта кетейин. Садыр Нуркожоевич үчүн баткендиктер менен ачык сүйлөшүү, алардын көкүрөгүндөгү көйгөйлүү маселелерин угуу маанилүү эле. Албетте, бул жолугушуу оңой болгон жок. Бардык эмоцияларды эле көрсөтүп, бардык кайгы-капалар жалпы элге чыгарылбашы керектигин түшүнөсүздөр деп ойлойм. Ошону менен бирге бардык эле адамдар, анын ичинде мындай кыйын кырдаалды башынан өткөргөндөр видеого түшүүнү каалашкан жок, көптөгөн журналисттердин көз алдында камералардын астында ачылып сүйлөй да алышмак эмес», — дейт Байтерек.

Ал кошумчалагандай, жалпысынан сапар абдан маанилүү, керектүү жана жемиштүү болгон.

«Чын ниеттен сөздөр ачык айтылды. Тилекке каршы, жолугушуунун жүрүшүндө түшүнбөстүктөр болуп кетти.
Белгисиз жаштар пайда болуп, чыр-чатактуу кырдаалды козутууга аракет кылышты. Ал айылдын тургундары бул жаштарды тааныбай турганын айтып, аларды бул теманы башка өңүткө бурмалабоону өтүнүштү.
Азыр «хайп» кыла турган убак эмес, учурдагы эң маанилүү маселе — чыр-чатактарды токтотуу эле эмес, жаңжалды бирото кайталанбашы үчүн бардыгына аракет кылуу. Жабыркагандарга жардам көрсөтүү, алардын муктаждыктарын чечүү, талкаланган айылдарды калыбына келтирүү милдеттери турат. Элибиз өздөрүн коопсуз сезиши керек. Бул багытта иштер жигердүү жана масштабдуу жүргүзүлүп баштады», — деп жазды ал.

Белгилей кетсек, президент Баткенге болгон иш сапарынын алкагында чек ара чырында жабыркаган тургундар менен жолугушуп, алардын суроолоруна жооп берген. Маалыматтар боюнча, жарандарга телефонго сүрөткө жана видеого тартууга тыюу салынган. Ошондой эле журналисттер да катышкан эмес.

Ал эми жергиликтүү тургундардын маалыматы боюнча Жапаровго тургун тарабынан суроо узатып, протокол тууралуу жана андагы маалыматтарды тактоо боюнча суроо узатылган.

Бирок бул суроодон кийин аткаминерлер аларды чагымчылдар деп аташканын жергиликтүү тургундар айтып чыгышкан.

Количество просмотров: 665