• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Белград шаарындагы суу үстүндөгү клуб чөгүп кетти

1 Үчтүн айы 202312:14 Бишкек Govori.TV

Сербиянын борбору Белград шаарындагы суу үстүндөгү клуб чөгүп кетти. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазды.

Маалыматка караганда, кырсыктын кесепетинен бир кыз жабыркап, жеңил жаракат алган. Клубдун жарымы суу астында калган. Жүздөгөн адамдар клубдан тар көпүрө аркылуу өздөрү чыгып кетишсе, сыртка чыга албай калгандар диван, стулдарга чыгып жатып аман калган.

Сербияда көзөмөл органдары тарабынан текшерилбегендиктен, мындай клубдар кеңири жайылган.

Количество просмотров: 2863